USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

«Апам кыйналып жатат». Айыл өкмөтүнө акыл үйрөткөн бөбөк

11:16, 15 октября 2019, Бишкек - 24.kg

«Апам кыйналып жатат» — деп айыл өкмөтүнө кайрылган баланын видеосу социалдык тармакта көпчүлүктүн купулуна толду.

4-5 жаштагы бала Найман айыл жетекчилерине барып, ачык сын айтканын белгилейт.

«Апамдын, атамдын жанында туруп, ачык эле айттым. Айыл өкмөтүн кетириш керек. Суу жок. Алыстан ташып жатабыз. Апам кыйналып кетти. Мына жайлоодон малдар да кайтууда. Кой дагы, эчки дагы суу ичет да», — дейт бөбөк. Найман айылы Ноокат районунда жайгашкан.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18