USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына арналган сүрөт көргөзмө ачылды

09:46, 10 октября 2019, Бишкек - 24.kg

Бишкектеги борбордук Ала-Тоо аянтында Кыргыз ССРинин мамлекеттик ишмери Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына арналган сүрөт көргөзмөсү ачылды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, көргөзмөгө Турдакун Усубалиевдин архивдик сүрөттөрү коюлган.

Иш-чарага мектеп окуучулары, Турдакун Усубалиевдин небереси, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Эрмек Усубалиев, вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова, шаардын вице-мэри Татьяна Кузнецова, шаардык кеңештин төрагасы Жаныбек Абиров, коомдук жана мамлекеттик ишмерлер, тарыхчылар жана шаар тургундары катышты. 

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18