USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Бишкекте жеңил унаа менен мотоцикл сүзүштү. Бир киши жаракат алды

08:46, 08 октября 2019, Бишкек - 24.kg

Бишкекте «Mazda» үлгүсүндөгү жеңил унаа менен мотоцикл сүзүштү. Бул тууралуу 24.kg агенттигине ИИМден билдиришти.

Кырсык кечээ Манас проспектисинде катталган.

«Мотоцикл менен жеңил унаа кагышып, кесепетинен мотоциклдин айдоочусу жаракат алды. Ал Травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборуна жаткырылды», -деп айтылат маалыматта.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18