USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Кызыл-Кыядан Ферганага автобустук каттам ачылды

11:14, 07 октября 2019, Бишкек - 24.kg

Кызыл-Кыя -Фергана- Кызыл-Кыя эл аралык автобустук каттамы ачылып, ишин баштады. Бул тууралуу Автотранспорт агенттигинин Баткен аймактык башкармалыгы билдирди.

Каттамдагы алгачкы автобустарды Кызыл-Кыя шаарынан мэриянын өкүлдөрү, шаардык кеңештин депутаттары узатып, Ферганада Өзбекстандын президентинин өкүлү, Фергана облусунун администрациясы жана район акимдери шаан-шөкөт менен тосуп алышты.

Алгачкы жүргүнчүлөрдүн жол акысы акысыз болду. Калган күндөрү жол кире 65 сомду түзөт. Каттамды чоң жана кичиавтобустар ишке ашырат. Күнүнө төрт каттам болот, транспорттор саат 09:00дө, 10:00дө, 14:00дө жана 15:00дө Кызыл-Кыя шаарынын автобекетинен жөнөп кетет.

25-сентябрда Кыргызстандын Ош жана Өзбекстандын Анжиян шаарларынын ортосунда автобустук каттамы жанданган. Анын акысы 100 сом деп белгиленген.

2005-жылкы Анжиян окуяларынан кийин Өзбекстан Кыргызстан менен чек арасын бир тараптуу жаап, андан өтүү татаалдашкан. 2016-2017-жылдардан тарта эки өлкөнүн президенттеринин, премьер-министрлеринин жолугушууларынан кийин карым-катыш кайра жанданган.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18