USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Наманганда өз уулун чөктүрүп өлтүргөн киши 18 жылга соттолду

14:04, 04 октября 2019, Бишкек - 24.kg

Наманганда алимиент төлөөдөн баш тарткан киши бир жашар уулун Түндүк Фергана каналына чөктүрүп өлтүргөн. Кылмышкер 18 жылга эркинен ажыратылды. Жергиликтүү басылмалар кабарлагандай, Наманган облустук соту 26 жаштагы Расулбек Ташпулатовду өз баласын атайлап өлтүрүү боюнча күнөөлүү деп тапкан.

Сот документтерине ылайык, Расулбек Ташпулатов 2017-жылы үйлөнүп, 2019-жылы апрелде баласы өзүнүкү экенинен күмөн санап, ажырашып кеткен.

Сот чечими боюнча Расулбек Ташпулатов уулу үч жашка чыкканга чейин кирешесинин 70% алимент иретинде төлөөгө милдеттүү болгон.

8-июлда ал баланы уурдап кетип, Түндүк Фергана каналына ыргытып жиберген. Ал бала чөгүп кеткенге чейин карап турган.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18