USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Мухаммедкалый Абылгазиев Ысык-Көл облусуна иш сапары менен кетти

13:45, 01 октября 2019, Бишкек - 24.kg

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ысык-Көл облусуна жасаган иш сапарында «Кумтөр» алтын кенине барып, «Кумтор Голд Компани» компаниясынын ишмердүүлүгү менен таанышат. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан билдиришти.

Мындан тышкары Мухаммедкалый Абылгазиев жумуш сапарынын алкагында жергиликтүү эл менен жолугушуп, аймактагы маселелерди талкуулайт.

Эске салсак, өткөн жумада президент Сооронбай Жээнбеков аталган облуста иш сапары менен болгон.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18