USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Бүгүн Ош-Бишкек жана Бишкек-Ош багытындагы 4 авиакаттам убактылуу токтотулду

15:20, 25 сентября 2019, Бишкек - 24.kg

Бүгүн Ош-Бишкек жана Бишкек-Ош багытындагы 4 авиакаттам убактылуу токтотулду. Бул тууралуу «Super.kg» сайты «Манас» аба майданына шилтеме берип жазды.

Маалым болгондой, «Эйр Манас» компаниясынын 198, 197, 205 жана 206 багытындагы каттамдары токтотулган.

«Бүгүн техникалык себептерден улам, каттамдар убактылуу токтотулду. Азыркы учурда оңдоо-түзөө иштери жүргүзүлүп жатат. Каттамдар эртеңки күндөн баштап өз калыбына келет», — деп билдирди «Эйр Манас» компаниясынын өкүлү.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18