USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Телевизор, дубленка, шуба. Бишкектеги үйлөрдүн биринен уурдалган буюмдар табылды

17:07, 20 сентября 2019, Бишкек - 24.kg

Бишкектеги үйлөрдүн биринен уурдалган буюмдар табылды. Бул тууралуу Чүй ОИИББден билдиришти.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын августунда Сокулук районуна караштуу Селекция айылынын тургуну милицияга арыз менен кайрылып, белгисиз адамдар үйүнөн акча, зер буюмдарын жана уюлдук телефонун уурдап кеткенин билдирген.

«Тергөөчүлөр уурдалган уюлдук аппараттардын бири кээде иштеп, кээде өчүп калып жатканын аныктап чыгышты. Анын арты менен шектүүнүн жүргөн жерин табууга мүмкүн болду. Милиция Бишкектеги үйлөрдүн бирин тинтүүгө алышкан. Натыйжада ноутбуктар, телевизорлор, сканерлер, чаң соргучтар, шуба жана дублёнкалар табылган», -деп айтылат маалыматта.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18