Бүгүн Кызыл-Кыя шаарынын айрым аймактарында жаратылыш газы берилбейт
08:48, 19 сентября 2019, Бишкек - 24.kg
Бүгүн Баткен облусуна караштуу Кызыл-Кыя шаарынын айрым аймактарында жаратылыш газы берилбейт. Бул тууралуу «Газпром Кыргызстан» ЖЧК билдирди.
Маалыматка караганда, оңдоо иштерине байланыштуу газ төмөнкү даректерде чектелет:
- Молодежная 10, 12, Асаналиев 8;
- 1-кичирайон, 5, 7, 8, 9, 11, 13.