USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

19-сентябрда Бишкектин айрым аймактарында ичүүчү суу берилбейт

10:24, 16 сентября 2019, Бишкек - 24.kg

19-сентябрда саат 9дан кечки 5ке чейин Бишкектин айрым аймактарында ичүүчү суу берилбейт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, оңдоо иштерине байланыштуу ичүүчү суу Достоевский, Анкара, Ауэзов жана темир жолу менен чектеш райондордо берилбейт.

Ошондой эле, таза суу Алтын-Ордо жана Кара-Жыгач калктуу конуштарында, «Ата-Түрк -Ала-Тоо» Кыргыз-түрк университетинде, «Реемстма» ААКда, № 18 лицейде, «Сулуутөр» кондоминиумда, «Алтын-Ажыдаар» ЖЧКда, «САБ № 1» ЖЧКда, БУПП-3, «СЭМ», «Ысык Нан» ЖЧКда, «Ак-Жолтой», «Аман-Жол» АКда, ПТУ № 93, «Кыргызэнергоремонт» АКда, «Аю Гранд Комфорт», Физиология институтунда, Унаа тетиктерин жыйноочу заводдо, Республикалык МАИде, «Антибиотики» ААКда, «Торты от Зины» АКда, шаардык муз аянтчасында, «Мабелла» ЖЧКда, ЦОН № 2 берүү чектелет.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18