USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2 миң 369 кайрылуу келип түштү

11:20, 12 сентября 2019, Бишкек - 24.kg

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 1-сентябрдан 8-сентябрга чейин 2 миң 369 телефондон кайрылуу келип түшкөн. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кайрылуулардын ичинен 39 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган. 18 абонентке телефон аркылуу сунуштар жана консультациялар, 3 абонентке психологиялык консультация берилди.

18 кайрылуу башка тиешелүү органдардын, мекемелердин аймактык бөлүмдөрүнө алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18