USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Баткенде 2 унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталды. 4 киши жаракат алды

16:17, 11 сентября 2019, Бишкек - 24.kg

Бүгүн Баткен районунун Бужум айылында 2 унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Бужум-Баткен-Исфара унаа жолунда «Хонда Степвагон» менен «Хонда Фит» үлгүсүндөгү унаалар кагышкан. Кесепетинен «Хонда Степвагондогу» жүргүнчүлөр 1964-жылы туулган тургуну Б.Ж., 1952-жылы туулган К.П., 1946-жылы туулган К.Б., 1966-жылы туулган Ж.Ч. жаракат алып, Баткен облустук бириккен ооруканасынын травматология бөлүмүнө жеткирилди.

Ал эми «Хонда Фиттин» айдоочу А.М. мас абалында болгондугу аныкталды.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18