USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

«Ачык саясат» гезити депутатка 300 миң сом төлөп береби? Сот чечим кабыл алды

12:16, 05 сентября 2019, Бишкек - 24.kg

Депутат Кожобек Рыспаевдин пайдасына «Ачык саясат» гезитинен 300 миң сом өндүрүп берүү тууралуу чечим күчүндө калды. Бул тууралуу активист Адил Турдукулов Фейсбукка жазды.

Анын айтымында, мындай чечимди Бишкек шаардык соту кабыл алды.

Эске салсак, депутат «Рыспаевди иттен чыгарып коюшту» деген тамасы менен макала жарыялаган газетаны сотко берген. Анда депутат бир партиядан башка партияга өткөнү, автор аны «хамелеон» деп атаганы жазылат. Октябрь райондук соту гезиттен депутаттын пайдасына 300 миң сом өндүрүү тууралуу чечим чыгарган.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18