USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Самат Курманкулов өзүнө келип, жандандыруу бөлүмүнөн жалпы палатага которулду

16:05, 04 сентября 2019, Бишкек - 24.kg

Чүй ОИИБнын башчысы Самат Курманкулов өзүнө келип, жандандыруу бөлүмүнөн жалпы палатага которулду. Бул тууралуу укук коргоо органдарынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Самат Курманкуловдун абалы акырындык менен жакшы болууда. Ал сүйлөй албаса дагы баардык кыймылдарга реакция берип жатат.

Эскерте кетсек, мурунку президент Алмазбек Атамбаевди кармоо иш-чарасында Атамбаевдин тарапташтары менен күч органдары ортосунда кагылышуу болуп, Самат Курманкулов жаракат алган. Дарыгерлер анын өмүрү үчүн күрөшүп, болгон аракетин жумшашкан. Аны Москвага дарылануу үчүн алып кетишкен. 

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18