USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Өкмөт «Кумтөр» алтын кениндеги иштер дагы 5-6 жылга узартылат деген үмүттө

14:06, 30 августа 2019, Бишкек - 24.kg

Кыргызстан өкмөтү «Кумтөр» алтын кениндеги иштерди дагы 5-6 жылга узартат деген үмүттө. Бул тууралуу маалымат жыйында айтылды. 

«Кыргызалтын» ААКнын башчысы Алмазбек Алимбековдун айтымында, Centerra Gold геологиялык чалгындоого 24 миллион доллар бөлүп берди. «Ишти жергиликтүү компания алып барды, демек акча өлкөдө калды. Эгерде алтын кени 5-6 жыл дагы иштеп турса, акчалай түшүүлөр 2032-жылга чейин сакталат», -деп билдирди ал.

Акыркы маалыматтарга ылайык, «Кумтөр» кени расмий түрдө 2026-жылга чейин иштеши керек.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18