USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Ысык-Көлдө 2 унаа сүзүшүп, 2 киши көз жумду

15:40, 28 августа 2019, Бишкек - 24.kg

Ысык-Көл облусунда жүк ташуучу MAN үлгүсүндөгү унаа менен Volkswagen Golf 2 үлгүсүндөгү унаа сүзүшүп, 2 киши каза тапты. Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Кырсык Балыкчы — Ананьево — Каракол жолунда болгон. Кесепетинен жеңил унаанын айдоочусу жана жүргүнчүсү набыт болду. Жүк ташуучу унаанын айдоочусу жабыркаган эмес.

Алдын ала алынган маалымат боюнча, жүк ташыган унаа каршы тилкеге чыга калган.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18