USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Раиса Атамбаева жолдошу Алмазбек Атамбаев менен жолукту

12:40, 27 августа 2019, Бишкек - 24.kg

Раиса Атамбаева жолдошу Алмазбек Атамбаев менен жолукту. Бул тууралуу 24.kg агенттигине жактоочу Сергей Слесарев билдирди. 

Айтымында, УКМК Раиса Атамбаеванын жолдошу менен кезигүү өтүнүчүн аткарды. Азырынча балдары жана башка туугандары мындай өтүнүч менен кайрылыша элек.

«Процедурага ылайык, алар дагы өтүнүч менен кайрыла алышат. Мурунку президент менен жубайы эмне тууралуу сүйлөшкөнү белгисиз. Жолугушуу канча убакытка созулганын дагы билбейм. Алмазбек Атамбаев өзүн жакшы сезүүдө, кармоо шарттарына карата нааразычылыгы жок», -деп билдирди жактоочу.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18