USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Ак-Талаа районунда 8,5 чакырым ички жолдоруна асфальт төшөлөт

17:04, 22 августа 2019, Бишкек - 24.kg

Ак-Талаа районунда 8,5 чакырым ички жолдоруна асфальт төшөлөт. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбековдун Нарын облусуна болгон эки күндүк иш сапарынын алкагында маалым болду. 

Президент Ак-Талаа районундагы жолдордун реконструкциясы жана мектептин курулушунун жүрүшү менен таанышты. Жалпысынан Ак-Талаа районунда 8,5 чакырым ички жолдоруна асфальт төшөлөт. Жумуштарды 2019-жылдын сентябрь айынын аягына чейин бүтүрүү пландалууда.

Андан соң мамлекет башчысы Баетов айылындагы орто мектептин курулушу менен таанышты. Жалпы билим берүүчү мекеме эки кабаттан турат жана 275 окуучуга ылайыкталган. Бүгүнкү күндө курулуш-монтаж иштери 70 пайызга бүткөрүлдү.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18