USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Ажылык-2019. Баткенден кеткендердин алгачкы тобу 23-августта кайтып келет

10:01, 22 августа 2019, Бишкек - 24.kg

Баткен облусунан ажылык сапарына кеткендердин алгачкы тобу 23-августта мекенге кайтып келет. Бул тууралуу Муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.

Учурда мекендештердин ажылык амалдары аяктап, кайтууга камылга көрүүдө. Ажылар Мекке шаарындагы Жидда аэропортунан учуп, 23-август күнү таң эрте «Ош» эл аралык аба майданына келип конот.

Эскерте кетсек, быйыл ажылык сапарга Баткен облусунан 488 жаран кеткен.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18