USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Жалал-Абад шаарындагы базардан өрт чыкты

09:15, 21 августа 2019, Бишкек - 24.kg

Бүгүн түндө Жалал-Абад шаарынын Бакиев көчөсүндө жайгашкан базардан өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Өрттү өчүрүүгө жалпы 5 бөлүм тартылган. Мындан сырткары РЭТ мекемесинен 1 бригада тартылып, саат 01:50 чектөөгө алынды.

«Базардан чыккан өрт саат 04:15те толугу менен өчүрүлгөн. Өрттүн кесепетинен болжол менен жалпы аянты 2500 чарчы метрди түзгөн соода түйүндөрү жана күндөлүк турмуш тиричиликке керектелүүчү товарлар күйүп кеткен. Өрттүн кесепетинен каза болгондор жана жабыркагандар жок», -деп айтылат маалыматта. 


БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18