USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Кыргызстанда 2022-жылга чейин түндүк-түштүк жолун ачуу пландалууда

11:53, 20 августа 2019, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда 2022-жылга чейин түндүк-түштүк жолун ачуу пландалууда. Бул тууралуу маалымат жыйынында альтернативдүү жолдун курулуш долбоору боюнча инженери Замир Искаков билдирди.

Анын айтымында, долбоорду ишке ашыруунун биринчи фазасында туннель иштери боюнча кармалуу болуп жатат. 

"Туннелге алдын ала долбоор даярдалган. Андан соң деталдуу түрдө иштелип чыкты. Иштин жүрүшүндө бургулоого байланышкан көйгөйлөр жаралды", -деди ал. 

Эстакадалык көпүрөнүн курулушунун 75 пайызы аяктады. Жылдын акырына чейин экинчи көпүрө курулуп бүтөт. Эгерде график боюнча баары аткарылса, 2022-жылы түндүк-түштүк жолу толугу менен ачылат. 

 

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18