USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Суучулдар Ысык-Көлдү сүзүп өтүштү

09:41, 19 августа 2019, Бишкек - 24.kg

18-августта Ысык-Көлдө Issyk-Kul Swim Challenge эл аралык мелдеши уюштурулду. Ага Казакстан, Кыргызстан жана Орусиядан келген өкүлдөр катышты. Суучулдар көлдүн түштүк тарабындагы Кара-Талаа айылынан баштап сүзүп түндүк тарапта жайгашкан Тору-Айгырдан чыгышты. 

Мелдештин жыйынтыгында Эмил Турусбеков 14 чакырым аралыкты 4 саат 48 мүнөттө келип, 1-орунду алды. Экинчи орунду анын атасы, Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Турусбеков камсыздады. Ал 5 саат 01 мүнөт убактысы менен келген.

Аталган мелдешке экс-премьер-министр Темир Сариев да катышып, 11-орунга ээ болду.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18