USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Республикадагы ЖОЖго берилген гранттык орундардын 96 пайызы толтурулду

18:00, 16 августа 2019, Бишкек - 24.kg

Республикадагы ЖОЖго берилген гранттык орундардын 96 пайызы толтурулду. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылы 5 миң 705 гранттык орун берилген. Анын ичинен 405 Жалпы тестирлөөдөн жогорку балл алгандарга, ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендерге, жетимдерге жана этникалык кыргыздарга берилген.

Биринчи жолу чек-арага жакын жайгашкан райондогу мектеп бүтүрүүчүлөрүнө 165 бюджеттик орун берилди.

Бүгүнкү күндө 175 гранттык орун бош турат. Анын ичинен 20 орун магистратурага бөлүнгөн.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18