USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Атамбаевдин иши. Мурунку президенттин уулун суракка алып, кое беришти

13:40, 09 августа 2019, Бишкек - 24.kg

Алмазбек Атамбаевдин уулу Сейтекти эч ким кармаган жок. Бул тууралуу 24.kg агенттигине ИИМ башчысынын орун басары Курсан Асанов билдирди.

Айтымында, милиция Сейтек Атамбаевди суракка чакырган эмес.

Белгилей кетсек, бүгүн Фейсбукта мурунку президенттин баласынын катышуусунда видео тараган. Сейтек Атамбаев атын жана туулган жылын айткан.

УКМК мындай маалыматтан кабары жок.

КСДП саясий кеңешинин мүчөсү Адил Турдуколов 24.kg агенттигине видеодогу Алмазбек Атамбаевдин уулу экенин тастыктады. Айтымында, Сейтек Атамбаевди суракка алып, анан кое беришкен. Кайсыл иш боюнча сурак бергени тууралуу маалымат айтыла элек.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18