USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Сентябрга чейин жүк ташуучу унаалардын күндүз жолдордо жүрүүсүнө тыюу салынды

09:03, 06 августа 2019, Бишкек - 24.kg

1-сентябрга чейин жүк ташуучу чоң унааларга саат 9дан кечки 8ге чейинки убакта Бишкектин жолдорунда жүрүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Мындай кадамга баруу менен унаа жолдорун сапаттуу пайдалануу мөөнөтү узартылат. Жүк ташуучу унаалардын кыймылына чектөөлөр күндүзгү температура 28 градустан жогору болгон үчүн киргизилди. Маалым болгондой, бул убакыт аралыгында салмагы 25 тоннаны түзгөн ири габариттүү жүк ташуучу унаалар жолдо жүрө албайт.

Бишкекасфальтсервис Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы менен биргеликте шаар боюнча кошумча жол белгилерин орнотуп чыгат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18