USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Ноокат районунда унаа оодарылып кетип, айдоочу каза болду

09:38, 05 августа 2019, Бишкек - 24.kg

Ош облусуна караштуу Ноокат районунда унаа оодарылып кетип, айдоочу каза болду. Бул тууралуу Ош облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ош—Исфана унаа жолунун 20-чакырымында Ноокат районунун 1971-жылы туулган тургуну «Ауди-80» үлгүсүндөгү унаасын айдап бара жатып, рулга ээ боло албай калган. Унаа оодарылып кетип, айдоочу каза болду.

Учурда окуянын чоо-жайы иликтенүүдө.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18