USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Кыргызстанда пайдаланылбаган айдоо жерлердин аянты 63,3 миң гектарды түзөт

16:40, 02 августа 2019, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда пайдаланылбаган айдоо жерлердин аянты 63,3 миң гектарды түзөт. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттен билдиришти.

Маалыматка караганда, жалпы пайдаланылбаган айдоо жерлердин аянтынын үлүшү боюнча Нарын облусуна 20 пайыз, Таласка 18,2 пайыз, Жалал-Абадга 15,3 пайыз, Баткенге 15,1 пайыз, Ысык-Көлгө 11,5 пайыз, Ошко 9,2 пайыз, Чүй облусуна 7,7 пайыз туура келет.

Айдоо жерлерди пайдаланбоонун негизги себептери -катуу кайрак жерлер, сугаттын жоктугу, таштак, шор жана саздак жерлер, калктуу пункттардын кеңейиши жана башка.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18