USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Кочкор айылындагы жол кырсыктан 2 киши жабыркады

13:44, 01 августа 2019, Бишкек - 24.kg

Нарын облусуна караштуу Кочкор айылындагы жол кырсыктан 2 киши жабыркады. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Кырсык Бишкек—Нарын—Торугарт унаа жолунун 185-чакырымында болгон.

Маалыматка караганда, «Ауди-100» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай калып, унаа жолдон чыккандан кийин электр мамысын сүзгөн.

Кырсыктын кесепетинен 2014-жылы туулган Т. кызы Х. менен 1960-жылы туулган А.С. аттуу аял жабыркаган. Куткаруучулар аларды унаадан чыгарып, тез жардам кызматына өткөрүп беришти.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18