USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Жол кырсыгы. Алайда айдоочунун жүрөгү кармап жардан кулап кетти

17:35, 26 июля 2019, Бишкек - 24.kg

Ош облусунун Алай районунда жеңил унаа бийиктиги 26-28 метр болгон бийиктиктен кулап кетти. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык 22-июль күнү Ош-Эркечтам унаа жолунда катталды. Алай районунун 45 жаштагы тургуну өзүнүн Daewoo Kalos унаасы менен Гүлчө айылын көздөй бара жатып, жүрөгү кармап калган. Жардан кулаган унааны жергиликтүү тургундар көрүп милиция кызматкерлерине кабар беришкен.

Экспертизанын жыйынтыгында айдоочунун жол кырсыгына чейин эле жүрөгү кармаганы ачыкталды.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18