USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Тамчыдан Чолпон-Атага чейинки жол Жээнбеков менен Рахмон өткөнчө жабылат

13:01, 26 июля 2019, Бишкек - 24.kg

Тамчы айылынан Чолпон-Ата шаарына чейинки жолго бүгүн бир саатка убактылуу чектөөлөр коюлат. Бул тууралуу ИИМ маалымдайт.

«Башка күндөрү эч кандай чектөөлөр киргизилбей, жолдор ачык болот. Ошондуктан, 26-28-июль күндөрү Ысык-көл облусуна бара жаткан учурда тынчсызданбай койсоңуздар болот жана жол кыймылынын эрежелерин сактаңыздар», — деп билдирет ИИМдин басма сөз кызматы.

Белгилей кетсек, Сооронбай Жээнбеков менен Эмомали Рахмон Баткенден Чолпон-Ата шаарына келет. Президенттер чек ара маселесин көл жээгинде талкуулашат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18