USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Алты айда 41 жактоочунун күбөлүгү токтотулган

12:32, 25 июля 2019, Бишкек - 24.kg

Юстиция министрлиги 41 адвокаттык жана 10 нотариустун лицензиясын токтоткон. Бул тууралуу маалымат жыйында юстиция министри Марат Жаманкулов билдирди.

Анын айтымында, бул жылы адвокаттык ишмердик жүргүзүү үчүн 14 лицензия берилген.

«14 адвокаттын лицензиясы жандандырылды. Бул жылы адвокаттык ишмердик жүргүзүү үчүн 14 лицензия берилди. Квалификациялык сынактан 55 талапкер өтпөй калды. 16 талапкер кийинки сынакка катышуу үчүн арыз таштага. Жарым жылда 2 жеке нотариуска эскертүү берилген. Онунун лицензиясы токтотулуп, бирөө жокко чыгарылган. Бүгүнкү күнү Кыргызстанда 79 мамлекеттик жана 367 жеке нотариус иштеп жатат», — деди ал.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18