USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Ички иштер министринин орун басары Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө кире алган жок

17:24, 22 июля 2019, Бишкек - 24.kg

Ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов тергөөчүлөр менен бирге Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө келди.

Үйдүн кароолу аларды ичкери киргизген жок. КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева чыгып, сурак жүргүзүүгө уруксат берилбестигин билдирди.

Кундуз Жолдубаева Атамбаевдин экс-президент катары кол тийбестигин ажыратуу мыйзамсыз болгонун бул боюнча Конституциялык палатанын чечими чыкпайын, Атамбаев эч кандай суракка барбастыгын айтты.

Мирлан Каниметовдун айтымында, ИИМдин мындан аркы кадамы мыйзам чегинде, тергөөчүнүн чечимине ылайык болот.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18