USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Кара-Балтада бир жаран поезд алдына боюн таштады

16:23, 19 июля 2019, Бишкек - 24.kg

Кара-Балтада поезддин астында калган жаран өзү боюн таштаган. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Кара-Балта — Кайыңды жолунун 3718-чакырымында 40-45 жаштагы европа улутундагы эркек киши бүгүн саат 11:50лөр чамасында поездин алдына боюн таштаган.

Учурда ыкчам топ жеринде иш алып барууда.

«Машинист кабарлагандай, ошол райондун аймагында өлгөндөрдүн денесин ташуу боюнча ритуалдык агенттик жок, ошол себептен атайын топ Бишкектен чакырылган. Маркумдун өздүгү такталууда», — деп кабарлашты ведомстводон.

 

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18