USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Транспорт министрлигинин мурдакы орун басары 20 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн

18:02, 18 июля 2019, Бишкек - 24.kg

Транспорт жана жолдор министрлигинин мурдакы орун басары Азимкан Жусубалиев 20 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүн соттук отурум өтүп, анда прокурор Азимкан Жусубалиевди 20 жылга, ортомчулук кылды деп айыпталып жаткан Болотбек Токтобаевди 4 жылга эркинен ажыратууну жана мүлкүн конфискациялоону сураган. Ал эми ишти ачууга көмөк көрсөттү деген Бехрус Гулрузовго коюлган беренени өзгөртүп, айып салууну сураган.

Эскерте кетсек, 2018-жылдын 5-декабрында транспорт жана жолдор министринин орун басары Азимкан Жусубалиев «Тоdini» (Италия) деп аталган компаниядан 50 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалып камакка алынганын УКМКнын басма сөз кызматы тараткан. УКМКнын маалыматына караганда, Жусубалиев ал компаниядан жалпы жонунан пара катары 520 миң доллар сурап, буга чейин 120 миң долларын колуна алган, калган бөлүгүн кийинки апталарда алууну пландаган.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18