USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Ашхабадда турак-жайда жарылган газдан бир наристе мерт болду

14:41, 17 июля 2019, Бишкек - 24.kg

16-июлда Ашхабаддын 10-кичирайонундагы үйлөрдүн биринде тиричилик газы жарылып, бир наристе мерт болду. Жабыркагандар бар. Күйүк борборуна Гамбурцевдердин үй-бүлө мүчөлөрү оор абалда жеткирилди.

«Азаттыктын» түркмөн кызматы кабарлагандай, көп кабаттуу турак жайдын үчүнчү кабатында жашаган Юрий менен анын жубайы Надежданын абалы өтө оор. Алардын бала бакчага барган кызы Еванын акыреги сынган, буттары күйгөн, абалы туруктуу.

Ева барган бала бакчадагы балдардын ата-энелери үй-бүлө мүчөлөрү үчүн кан тапшырышууда.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18