USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Президенттин сүрөтү менен «ойногон» мэрия кызматкерлери иштен алынбайт

14:59, 16 июля 2019, Бишкек - 24.kg

Президент Сооронбай Жээнбековдун сүрөтү менен «ойногон» мэрия кызматкерлери иштен алынбайт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Алардын маалыматында, өлкө башчысынын аппаратынан муниципалдык чиновниктерди кызматтан албоо өтүнүчү айтылды. Алар менен түшүндүрүү иши жүргүзүлдү.

Эскерте кетсек, кечээ социалдык тармакка Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык ишканасынын кызматкерлери президенттин сүрөтү менен тап берип ойноп жаткан сүрөтү жарыялаган.

Кийинчерек чиновниктер кечирим сурап, түштөнүү учурунда сүрөт жибинен үзүлүп калгандыктан аны кайра илүү үчүн алышкандыгын айтышкан.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18