USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Депутаттын уулу катышкан жол кырсыгы. BMW Х7 унаасынын айдоочусунун билдирүүсү

11:34, 15 июля 2019, Бишкек - 24.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиевдин уулу Темирлан Токобеков катышкан жол кырсыгында BMW Х7 унаасын башкарган Элдияр Калмурзаев маек берди.

Элдияр Калмурзаев Лексус унаасы кокус жолдон бурулуп чыгып, экинчи линияга өткөнүн белгилейт.

«Мен оңго жол четине бурулайын деп, бирок жетишпей калдым. Биздин кагылышканыбызды билем. Эсиме келип, унаадан чыгып, кайра эсимди жоготтум», — дейт ал.

Элдияр Калмурзаев Ысык-Көлдө кафеде суу менен тамак-аш гана жегенин айтат.

Эскерте кетсек, бул жол кырсыгында төрт бала каза тапты.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18