USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Баткен шаарында аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө батирлер курулууда

09:08, 05 июля 2019, Бишкек - 24.kg

Баткен шаарында аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө батирлер курулууда. Бул тууралуу президенттин Баткен облусуна болгон иш сапары учурунда айтылды.

Көп кабаттуу үйдүн курулушуна 100 миллион сом жумшалат. Ага эл аралык уюмдар жардам берет. 

Баткен облусуна иш сапарынын жүрүшүндө Сооронбай Жээбеков жаңы бейтапкананын, өнөр жай аймагынын курулушу менен таанышып, эл менен жолугушуу өткөрдү.

Президент баткендиктерди чагымчылдыкка алдырбай, чек ара маселеси толук чечилгенче коңшу мамлекеттер менен ынтымакта болууга чакырды. 

 

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18