USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

«Ысык-Көл» аба майданы Ош шаарынан 88 жүргүнчүсү бар учакты кабыл алды

13:59, 28 июня 2019, Бишкек - 24.kg

Тамчы айылында жайгашкан «Ысык-Көл» аба майданы Ош шаарынан 88 жүргүнчүсү бар учакты кабыл алды. Бул тууралуу «Манас» аба майданынан билдиришти.

«Тез Жет» авиакомпаниясы RG 85 учагы менен Ысык-Көлдүн жээгине жүргүнчүлөрдү калтырып, кайра Ошко 50 адамды ташып кетти.

«Ош-Тамчы-Ош каттамы боюнча учак жумасына төрт жолу: дүйшөмбү, шаршемби, жума жана жекшемби күндөрү учуп турат», -деп билдиришти аба майдандан. 

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18