USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Кой-Таштагы абал. Парламенттин тарап кетишин талап кылышты

15:45, 27 июня 2019, Бишкек - 24.kg

Бүгүн Алмазбек Атамбаевдин Кой-Ташта чогулган тарапташтары Жогорку Кеңештин депутаттарынын чечимине нааразы болушту.

Алар мурунку президентти макамынан ажыратууну мыйзамсыз жана негизсиз дешүүдө.

Айрымдары мыйзам чыгаруучу органдын тарап кетишин талап кылышты.

«Бизге мындай бийликтин кереги жок. Уят! Мандатыңарды тапшырып, отставкага кеткиле. Силер 5 жыл бою Алмазбек Атамбаевдин көзүн карап жүрүп, бүгүн аны кол тийбестиктен ажыраттыңар», -деп наарыз болду Бишкектин тургуну Кубанычбек Имангазы уулу.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18