USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Азиз Батукаевди бошотууда Алмазбек Атамбаев жеке өзү тапшырма берген

16:12, 25 июня 2019, Бишкек - 24.kg

Азиз Батукаевди бошотууда Алмазбек Атамбаев жеке өзү тапшырма берген. Бул тууралуу Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин отурумунда башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов билдирди.

Анын айтымында, мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин көзөмөлү астында жана жеке тапшырмасы боюнча мыйзамдагы ууру эркиндикке чыгарылган. «Бул иш Атамбаевдин катыштыгы менен болгон», -деди Өткүрбек Жамшитов.

Ал кошумчалагандай, Азиз Батукаевди бошотуу үчүн экс-вице-премьер-министр Шамил Атахановду тартышкан. «Бул Атамбаевдин жеке көрсөтмөсү менен аткарылган. Шамил Атаханов ушундай көрсөтмө берди», -деди ал.

Бул кылмыш өзгөчө оор кылмышка кирет.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18