USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Жактоочу Сергей Слесарев Икрамжан Илмияновдун эмнеге айыпталып жатканын билбейт

09:14, 25 июня 2019, Бишкек - 24.kg

Жактоочу Сергей Слесарев Икрамжан Илмияновдун эмнеге айыпталып жатканын билбейт. Бул тууралуу ал 24.kg агенттигине өзү айтты. 

Анын билдирүүсүндө, кылмыш иштин материалдарын иликтөө башталды. Ал юрист катары аталган процедурага катышпайт, мындан улам Икрамжан Илмияновго эмне айып коюлуп жатканын так айта албайт.

Сергей Слесаревдун айтымында, аны аталган процедурага чакырыша элек. Ошол себептен иш боюнча так түшүндүрмө бере албайт. «Мен канча том экенин билбейм. Материалдар иликтенген соң Башкы прокуратурага келип түшөт, ал жактан сотко өтөт», -деди ал.

Эске салсак, Икрамжан Илмияновго алдамчылык айыбы тагылууда.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18