USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Суусамырда Каба уулу Кожомкулдун 130 жылдык мааракеси белгиленет

13:40, 21 июня 2019, Бишкек - 24.kg

Суусамыр өрөөнүндө балбан Каба уулу Кожомкулдун 130 жылдык мааракеси белгиленет. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, салтанаттуу маараке ачык асман алдында өтөт. Анда Т.Сатылганов атындагы улуттук филармониянын, Ш.Термечиков атындагы Чүй облустук театры жана Жайыл райондук маданият бөлүмүнүн артисттери катышкан концерттик программа жана театралдык көрүнүш тартууланат.

Иш-чара 29-30-июнь күндөрү өтөт.

29-июнь күнү эртен мененки саат 08:00дөн −19:00гө чейин Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу Кожомкул айылындагы ат майданда «Көк бөрү», «Эр эңиш», «Кыргыз күрөшү», «Ат көтөрмөй» жана «Таш көтөрмөй» оюндары өтүп, байгелер 30-июнда жеңүүчүлөргө тапшырылат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18