USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Жогорку Кеңештин депутаттары кесиптеши Ирина Карамушкинаны сындашты

14:59, 20 июня 2019, Бишкек - 24.kg

Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүнкү отурумда кесиптеши Ирина Карамушкинаны сындашты.

Вице-спикер Аида Касымалиева аны парламентти таратууга чакырык жасабай, өзү мандатын тапшырууну сунуштады.

«Мандатыңызды тапшырыңыз, менин шайлоочуларым жана алардын алдында милдетим бар. Адепсиздиктин да чеги болуш керек», -деди ал.

Евгения Строкова болсо Ирина Карамушкинаны улуттук кастыкты козутууга күнөөлөдү. «Сиз таарынып анан улутуна өтүп кетесиз. Туулган күн менен куттуктаган жок, анткени орусмун дедиңиз. Абийир болуш керек да», -деди ал.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18