USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Депутат Райым-миллионердин тегерегинде хайп жараткан ЖМКны сынга алды

11:01, 20 июня 2019, Бишкек - 24.kg

Депутат Бакыт Төрөбаев Жогорку Кеңештин отурумунда Райым-миллионердин тегерегинде хайп жараткан ЖМКны сынга алды. 

Айтымында, «Азаттык» өлкөдөн чыгарылып кеткен 700 миллион доллар тууралуу чуулгандуу иликтөө жүргүзүп, кийин «Бешинчи каналдын» журналисттеринин иликтөөсү буга шек жараткан.

«Журналисттер 4-бийлик болгону менен кээде жеке кызыкчылыгынын пайдасына хайп жаратышат», -деди депутат. Ал эгер документ жасалма болуп чыкса, журналисттер жооп бериши керек деп эсептейт. «Ойдон чыгарылган айыптары үчүн аларды жоопкерчиликти алууга кантип зордошубуз керек? Буга ким жооп берет?», -деп суроо салды депутат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18