USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Кытай Кыргызстандын сүт азыктары менен буудай унуна кызыкдар

12:16, 19 июня 2019, Бишкек - 24.kg

Кытай Кыргызстандын сүт азыктары менен буудай унуна кызыкдар. Бул тууралуу маалымат жыйында айыл чарба жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев билдирди.

Анын айтымында, КЭРдин төрагасы Си Цзиньпиндин Кыргызстанга болгон сапары маалында инвесторлор жергиликтүү сүт азыктары менен буудай унун сатып алуу ниетин билдиришкен.

«Кытайлык сатып алуучуларды күтүп жатабыз. Бирок, Кытай тараптын импорттолгон азыктарга карата талабы жогору экенин эске алыш керек. Учурда 24 миң коон жана 4,5 тонна чиени экспорттоого келишим түзүлдү», -деди министр.

Ал кошумчалагандай, Орусияга чийки эт экспорттоло баштады.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18