USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Өзгөндө зер буюмдарды жана акча уурдаганга шектүү делип 5 киши кармалды

12:11, 18 июня 2019, Бишкек - 24.kg

Ош облусуна караштуу Өзгөн районунда зер буюмдарды жана акча уурдаганга шектүү делип 5 киши кармалды. Бул тууралуу ОИИББдан билдиришти.

Маалыматка караганда, кылмышкерлер зер буюмдарын жана акчаны кошкондо жалпы 1 миллион 380 миң сом уурдашкан. Кармалгандардын экөө буга чейин террордук мүнөздөгү ишке айыпталып соттолуп чыккан.

«РИИБга ири суммадагы акчасын жана алтын жасалгаларын уурдатып жиберген аял арыз жазды. Аталган кылмышка шектелип 5 киши кармалды. Шектүүлөрдүн үйүн тинтүү маалында уурдалган зер буюмдар табылды», -деп билдиришти ОИИББдан.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18