USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Тоң районунда 29 жаштагы тургун адам өлтүрүүгө шектелип кармалды

09:11, 18 июня 2019, Бишкек - 24.kg

Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районунда 29 жаштагы К.И. аттуу тургун адам өлтүрүүгө шектелип кармалды. Бул тууралуу ОИИББдан билдиришти.

Маалыматка караганда, кылмыш иши кызганычтан улам болгон.

«Тогуз-Булак айылынын 29 жаштагы тургуну К.И. жубайы А.Н. менен айылдагылардын малын жайлоодо кайтарып жүрүшкөн. Жубайлар Кара-Сазда убактылуу жашашчу. 16-июнда алар урушуп кетип, жолдошу мыйзамсыз сакталып турган тапанча менен жубайынын көкүрөгүнө аткан. А.Н. окуя болгон жерде каза болду», -деп билдиришти ОИИББдан.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18