USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Бишкекте 600гө жакын кудуктун капкактары уурдалды

08:57, 18 июня 2019, Бишкек - 24.kg

Бишкектин жакында эле ондоодон өткөн жолдорунан 600гө жакын кудуктун капкактары менен жаанды өткөрүүчү торчолор уурдалган. Анын жалпы баасы 1 миллион 800 миң сомду түздү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын отурумунда Капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысынын милдетин убактылуу аткарып жаткан Александр Воротников билдирди.

Айтымында, уурдалган буюмдардын бир бөлүгүн подрядчиктер жеке каражатынан орнотту. Бирок, уурулук уланууда.

Мэриядан билдиришкендей дагы 200 кудуктун капкактары менен жаанды өткөрүүчү торчолор уурдалды.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18