USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу. Депутаттар себептерин аташты

14:58, 17 июня 2019, Бишкек - 24.kg

Мурунку президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча атайын депутаттык комиссия ишинин жыйынтыгын айтты. 

Жогорку Кеңештин депутаттары экс-президентти кол тийбестиктен ажыратуу тууралуу маселени демилгелеп чыгышкан. Ал өкмөт башчы болуп турганда Орусиянын жарандарына ок атуучу курал тапшырган.

Анын тапшырмасы менен мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотушкан. Депутаттардын айтымында, бул иште жемкорлук аралшкан. Мындан тышкары Алмазбек Атамбаевге жер аянттарын мыйзамсыз трансформациялоо, Бишкек ЖЭБдеги жемкорлук, борбор калаага мыйзамсыз көмүр ташып келүү иштерине байланыштуу айып коюлууда.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18